Казакстандагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Казакстандын түндүк облустарына, ошондой эле Орусияга убактылуу автоунаа менен барбай турууну сунуштайт.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдөгү жолдордун айрым участокторунда кыймылга чектөөлөр киргизилип, унаалардын тыгыны жаралууда.
"Учурда республикалык маанидеги жолдордо аба ырайынын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. ТИМ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү бөлүмү менен биргеликте мекендештерибиздин абалын көзөмөлгө алууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 9-февралда Казакстандын Ак-Төбө облусунун Кара-Бутак айылында унаа жолдо Кыргызстандын 7 жараны кар күрткүдө калгандыгын маалымдаган.
Министрлик жарандар менен байланышканда, абалдары жакшы экендигин жана бара жаткан жол техниканын жардамы менен ачылып, Орусияга багытын улагандыгын билдиришкенин кабарлаган.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 8-февралда Актөбө облусунда аба ырайы кескин өзгөрүлүп, бороондон улам Самара – Шымкент унаа жолу (Богот-Сай айылы менен Ак-Төбө шаарынын ортосу болжол менен 140 чакырым ) кар күрткү пайда болуп, каттам эки тараптуу жабылган. Жеринде 1000ге жакын унаалар жолдо турат.
Хромтау шаарындагы №3 жана №5 орто мектептеринде жылынуучу пункттар ачылып, жолдо калган жарандар тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган. Ошондой эле унаа жолдун 852-чакырымында посттор коюлуп, жылынуучу жайлар уюштурулган.
Учурда Самара – Шымкент унаа жолунун 852- чакырымындагы постто 503 унаа, Ак-Төбө облусунун 7 тилкесиндеги постто жалпы 2775 унаа турат. Жеринде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана тиешелүү кызматтар тарабынан жолду ачуу иштери жүрүүдө.
9-февраль кечки саат 20:00го карата Казакстандын Кара-Бутак айылынан Хромтау шаарына чейин жеңил унааларга жол ачылып, айрым жүк ташуучу унаалар жолдо токтоп турат. Казавтожол ААКдан 20 техника, 48 кызматкер жана куткаруучулар иш алып барууда.