Өкмөт жооп берет: Болбогон оорусун шылтоолоп майып болгондорду ким текшерет?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жакында эле Кыргызстанда бир көрүнүшкө күбө болдум. Тогуз-Торо районуна ишке жараксыз адамдарды пенсияга чыгарып, акча төлөп берүү максатында Жалал-Абаддан комиссия келди. Жөлөк пулду алуу үчүн ишке жараксыз адамдар катталышы керек эле. Бирок ал жерде бир чыпалагын балта менен чаап алганы деле, башы ооруганы деле барып “1-топтогу майып деп жазып койчу” деген өтүнүч менен акчасын берип, кой союп коноктоп жатышыптыр. Ошентип, Тогуз-Торонун жарымы майып болуп алышты. Мындай кырдаалды ким текшерет? Же ушинтип эле болбогон оорусу үчүн жөлөк пул ала беришеби? Суроо калтырган fanatka19
Жооп: - Майыптыкка чыгаруудан мурун ооруган адам республикалык ооруканадагы илдетине тиешелүү бөлүмдө жатат. Ал жерде оорусу тууралуу (история болезни) китепче жазылат. Мындан сырткары жашаган жеринде 88 форматындагы документти толтурушу керек. Суроо бергенде жалпылап айтылыптыр. Эгерде “бир адам ушундай жол менен майыптык топко киргизилди" деп берилсе, анда ал оорулууну текшермекпиз. Канчалаган майыптардын оорусун окуп чыгыш керек болуп калат. Жалал-Абад облусунда бул маселени Пайзулла Эгембердиев карайт. Негизи, майыптарды топко киргизерде 5 дарыгер текшерет. Баары кол койгондон кийин гана документ жасалып, жөлөк пул алуу жагы каралат.

Суроого Республикалык медико-социалдык экспертизация борборунун дарыгери Артыгалы Мураталиев жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан