Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюу үчүн Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун бийлиги 100 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугушту. Ал Кытай менен Кыргызстан жакшы коңшулар жана ишенимдүү өнөктөштөр экенин айтып, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюу үчүн Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун бийлиги 100 миң доллар бөлгөнүн билдирди.
"Бишкек шаарындагы ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун партиялык комитетинин секретары Ма Синжуй Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго партиялык комитеттин жана элдик өкмөтүнүн атынан кайрылуу жасап, Бишкекке 100 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык каржылык жардам көрсөттү. Каражат Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан жакынкы аралыкта кыргыз тарап көрсөткөн эсепке которулат", - деди ал.
Өз кезегинде министрдин орун басары кытай тарапка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Синьцзян-Уйгур автономиялык району тарабынан гуманитардык жардамдын көрсөтүлүшү Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы терең достукту толук чагылдырарын белгиледи.
Ал белгилегендей, кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Синьцзян-Уйгур автономиялык району менен мындан ары да тыгыз байланыштарды жана түрдүү тармактарда достук кызматташууну улантууга даяр.