Бишкекте архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарнамалык конструкцияларды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Ленин районундагы Дэн Сяопин проспектисин бойлой Алыкулов көчөсүнөн баштап Фучик көчөсүнө чейин 58ден ашык жарнама конструкциясы алынып, 7 протокол түзүлдү.
Октябрь районунда Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн баштап Сухэ-Батор көчөсүнө чейин 52 жарнак конструкциясы тазаланып, 21 протокол түзүлдү.
Ал эми Биринчи Май районунда Москва көчөсү Манас проспектисинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, 67 көрнөк-жарнак алынып, 3 протокол түзүлгөн.
"Ошондой эле Свердлов районунда Жибек-Жолу проспектисинен Ибраимов көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, 36 жарнак конструкциялары алынып, 8 протокол түзүлгөн.
Бардык протоколдор Укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 107 жана 179-беренелеринин негизинде түзүлгөн.
Ага ылайык, жеринде Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, муниципалдык инспекциянын, муниципалдык администрациялардын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү иштешти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, имараттардын фасаддарын жана алардын конструкциялык элементтерин уруксатсыз кайра жабдууга, ошондой эле жарнамалык көрнөктөрдү уруксатсыз илип коюуга тыюу салынат.