"Келечекте мен музыкалык аспаптарды чыгарган ишкана ачкым келет", - дейт 5 жашынан тартып ырдап баштаган өзгөчө үндүү Насыйкат.
Ал SUPER.KG порталынын студиясында конокто болуп, кыргызча жана чет элдик чыгармаларды жандуу аткаруу менен бирге таттуу кыялдары жөнүндө айтып берди.
"Мен эң белгилүү ырчылардан болгум келет. Көбүнчө мага аскер ырларын жана эски чыгармаларды аткарган жагат. 8-9 жашыман тартып чет элдик чыгармаларды ырдап баштадым. Ошондуктан вокалдан сабак берсем деп кыялданам. Ошондой эле музыкалык мектеп ачып, жаш таланттарга демөөрчү болгум келет. Мен Ысык-Көлгө баргам, бирок кемеде болгон эмесмин. Келечекте үй-бүлөм, досторум менен яхтада концерт бергим келет", - дейт жаш талант.
Насыйкат төрөлгөнүнөн эле көрүүсүн жоготкон. "Неберемдин көрүүсү кайтаарына ишенем" деген таенесинин айтымында, алар өлкөнүн дарыгерлерине көрүнүп, витаминдерди алып ичип турушат. Мындан улам азыркы тапта Насыйкаттын көрүүсүндө жакшы жака өзгөрүүлөр бар.
Жаш таланттын жандуу аткаруусун жана кызыктуу маегин толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.