Төрөттөн каза болгон келиндин окуясы: Жайыл аймактык ооруканасынын директору иштен алынды

Жайыл аймактык ооруканасынын директору төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Жайыл аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 12-февралдагы тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулуп, ал эми төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Эске салсак, Жайыл райондук оорукананын төрөт бөлүмүндө 11-февраль күнү 36 жаштагы аял каза болгон.

Ымыркайдын абалы жакшы. Бул аялдын тогузунчу төрөтү болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан