Кытайлык тетиктин айынан АКШда миңдеген Porsche, Audi жана Bentley унаалары бөгөттөлдү

Миңдеген Porsche, Audi жана Bentley унаалары АКШ портторунда бөгөттөлдү. Анткени аларда АКШнын эмгекке каршы мыйзамдарын бузган Кытайда чыгарылган тетиктери бар экени аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган маркаларга ээлик кылган Германиянын Volkswagen концерни бул унааларды жеткирүү мөөнөтүн марттын аягына жылдырган. Ага чейин Кытайда чыгарылган электрондук тетиктерди алмаштырууну көздөп жатат.

Volkswagen бул тетиктер кайда жасалганын так билген эмес. Концерндин негизги жеткирүүчүсү көйгөй тууралуу билдиргенден кийин, Volkswagen өзү АКШ бийлигине кабарлаган.

АКШда 2021-жылдан баштап Кытайдын бир катар аймактарында өндүрүлгөн продукцияны импорттоого тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан