Нарын электр тармактар ишканасына 21 атайын техника берилди 

2023-жыл ичинде Нарын электр тармактар ишканасына Энергетика министрлиги тарабынан колдоо көргөзүлүп, жалпы суммасы 71 миллион 443 миң сомдук 21 атайын техника берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Нарын облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, 8 бригадалык унаа, 3 эксковатор погрузчик, 4 кран манипулятор, 1 автовышка, 4 кызматтык унаа жана 1 жүк ташуучу унаа Нарын облусунун электр тармактарына бөлүнүп, иш ыргагын кыйла жеңилдетип койду.
Ага ылайык, облус жетекчиси Алтынбек Эргешов автоунаалардын акжолтой болуп, элге кызмат кылуусун тилек кылды. Электр тармактар ишканасынын кызматкерлерин берилген мамлекеттик мүлктү жоопкерчилик менен сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
"Буга чейин жылына көп болсо 1-2 техника келчү, келбесе жок болчу. Техникалардын жетишсиздигинен айыл өкмөттөрүнүн, башка мекемелердин техникаларын убактылуу алып жумуштарды бүткөрчүбүз. Быйыл электр тармактарына болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлүп, иш ыргагы 2-3 эсеге жакшырды", - деп билдирди Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын директору Бакыт Жолдошбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан