"Акчасы жок адамдар өлүп эле калууда". Депутат Икрамов Камчыбек Ташиевге кайрылды (видео)

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өлкөдө жарандардын арасында оорулар көбөйүп жатканына тынсызданып, көпчүлүк жеке лабораториялардагы анализдердин кымбаттыгына нааразычылыгын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага кайрылган көпчүлүк адамдар анализ тапшыруу кымбатка туруп жатканын айтышкан.

"Мага кайрылгандардын көбү жеке лабораториядагы анализдердин кымбаттыгын айтууда. 5-6 анализ тапшырса 6 миңден 10 миңге чейин экен. Ооруган пенсионерлерибиздин буга акчасы жетпей жатат. Боордун томографиясы 13 миң турат экен. Мисалы 1 миллион жараныбыз тартылууга муктаж болсо, анын теңи гана тартылат. Анда дагы карызга акча алып, ооругандын үстүнө дагы маселе жаралып жатат. Теңи ага тартылбай эле өлүп калып жатат.

Мамлекеттик ооруканаларда томография болуш керек. Эмнеге жеке ооруканалар койгон томографияны мамлекет коё албайт? Мамлекет үчүн салык төлөп жаткан жарандарыбызды эмнеге карай албайбыз? Кыймылдай албай жаткан адамды томографияга жиберишет, бирок аны ал жакка тез жардам менен жеткириш керек болот. Тез жардамга 3 миң берет, анан дагы 5-6 миңге томография түшөт. Акчасы жок адамдар өлүп эле калып жатат бул жерде. Мамлекет бул маселени качан өз колуна алат? Дарылар кымбат. Мына боор менен ооругандар биздин мамлекетте көп болуп жатат. Бизден чыккан алтынды, триллиондогон акчаларды элибиз үчүн колдонбойлубу", - деди Икрамов.

Эл өкүлү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул маселени өз көзөмөлүнө алса жакшы болмок экендигин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 15.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан