Бишкек Жылуулук электр тармагындагы аварияда жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган 4 кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун маалыматына караганда, бейтаптар өздөрүн канааттандырарлык сезип калышты. Ошондой эле алардын жалпы абалы орточо деп бааланып, жакшыры баштаганы байкалууда.
Ага ылайык, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун дипломаттары бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп, жакындары жана түрк ооруканасынын дарыгерлери менен тыгыз байланышта болушууда.
Белгилей кетсек, аталган маселе Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көзөмөлүндө.