Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түркиянын Анталия шаарында өткөн Этно спорттун алтынчы форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, форумду дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган ачты.
Ага ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган форумдун катышуучуларына видео кайрылуусун жолдоп, 50дөн ашуун өлкөнүн атынан катышкан катышуучуларга туруктуулукту бекемдеп, салттуу спортту жайылтуу аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.
Салтанаттын жыйынтыгында министр Алтынбек Максутов Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын (WEC) төрагасынын чакыруусу менен катышуучу өлкөлөрдүн спорт министрлери менен биргеликте жогорку деңгээлдеги министрлердин биргелешкен билдирүүсүнө кол койду.
"Ошондой эле документте өткөн кылымдагы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө салттуу спорт жана оюндарга көңүл бурулбай калганы белгиленип, бул баалуулуктарды спортто жана оюндарда сактап калуу жана аларды күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айландырып, аны жакшы жакка колдонуу өтө маанилүү экендиги белгиленген", - деп айтылат маалыматта.
Салттуу спорттун түрлөрүн жана оюндарын жандандыруу аракети салттуу спорттун жана оюндардын маалымдуулугун жана популярдуулугун жогорулатуу, аларды колдой турган мамлекеттик органдарды жана тиешелүү уюмдарды кубаттоо, билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу институттук деңгээлди жакшыртуу үчүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аркылуу ишке аша тургандыгы баса белгиленген.
Биргелешкен билдирүүнү Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Гана, Гвинея, Намибия, Орусия, Сьерра-Леоненин спорт министрлери кабыл алышты.
Алтынчы форум Анталияда Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын (WEC) колдоосу астында өтүп жатат.