Камчыбек Ташиев Штефан Тарковичти алмаштырабы? Өзү жооп берди

Бүгүн, 19-февралда өткөн маалымат жыйында Кыргыз футбол союзуна президент болуп шайланган Камчыбек Ташиев Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович боюнча оюн айтты.

Анда ал Таркович менен жолуга электигин, эртең жолугуп сүйлөшө тургандыгын баса белгиледи.

"Таркович менен жолуга элекмин. Аны менен бул боюнча сүйлөшөбүз, алдыда маанилүү оюндар бар – дүйнөлүк чемпионатка тандоо. Андыктан бул жерде машыктыруучуларды тез-тез алмаштырбай, шарт түзүп берүү маанилүү. Футболчуларды жакшы даярдашыбыз керек", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан