Энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган кыргызстандык энергетиктер иш сапарынын алкагында Тажикстандагы Нурек жана азыркы тапта курулуп жаткан Рогун ГЭСтеринде болушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык адистер тажик кесиптештери менен бирге Рогун ГЭСинде болушту.
"Анда алар ГЭСтин курулушунун жүрүшү менен таанышышты. Суу өткөрбөгөн өзөгү бар таш-топурак аралашмасындагы дамбаны куруу, жер астындагы курулуштарды жана тоннелдерди өздөштүрүү, заманбап технологиялык чечимдерди жана дүйнөнүн алдыңкы өндүрүштөрүнүн курулуш техникасын жана механизациясын колдонуу, негизги конструкцияларды курууга комплекстуу этап-этабы менен мамиле кылуу эки өлкөнүн адистеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы болду. Тажрыйба алмашуу, мындай ири ГЭСтерди курууда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди кароо, долбоорлоо жана башка көптөгөн маселелер көңүл чордонунда болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Курулушка 15 миңден ашык гидрокуруучулар, 3000ден ашык техника жана жабдуулар, ондогон подряддык мекемелер тартылган. Ал жерде ар бир ишкананын линиялык иш графигин синхрондоштуруу процесси, инерттүү материалдардын ири көлөмүн билгичтик менен пландаштыруу жана даярдоо жакшы жолго коюлган.
Кыргызстандык энергетиктердин Рогун ГЭСине болгон иш сапарынын негизги максаттарынын бири: мындай эбегейсиз долбоорлорду куруу боюнча тажрыйбаны өлкөбүздөгү келечекте курулуучу Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда пайдалануу. Берилген бардык суроолорго толук жооптор алынды, бул келечекте тажик кесиптештери Рогун ГЭСин курууда кетирген катачылыктарын кайталабоого мүмкүндүк берет.
Ал эми Нурек ГЭСинде болгон учурда энергетиктер ГЭСти реконструкциялоо боюнча иштердин жүрүшү тууралуу жана реконструкцияга чыгарылган биринчи гидроагрегат боюнча кеңири маалымат алды. Биздин энергетиктер Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштердин жүрүшүндө бул ыкмаларды колдонуу маанилүү экенин баса белгилешти.
Үч күндүк иш сапарынын алкагында энергетиктер гидромеханикалык жабдууларды чыгаруучу заводго жана энергетика тармагына электр жабдууларын чыгаруучу заводго барышып, чыгарылган продукциянын сапаты жана каталогу тууралуу маалымат алышты.
Тараптар чек ара маселеси чечилгенден кийин Тажикстанда өндүрүлгөн жабдууларды отун-энергетика комплексине пайдалануу жана Кыргызстандын ГЭСтерин куруу жана реконструкциялоо маселелери боюнча жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин баса белгилешти.
Эки өлкөнүн ортосунда энергетика тармагында эки өлкөнү байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр линиялары бар. Чек ара аймагында жашаган жергиликтүү тургундарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда аба чубалгыларынын ролу чоң.
Иш сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн энергетиктери бири-бирине ийгилик каалап, чек ара маселеси чечилгенден кийин талкууланган маселелердин аткарылышын тездетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.