Бүгүн, 19- февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдө атомдук электр станциясы (АЭС) курулса, радиациялык коопсуздукту камсыздоону Энергетика министрлигинен суранды.
Эл өкүлү Бишкек ЖЭБдеги жарылууну эске салып, АЭС куруу мыйзамда кандай каралганына кызыкты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова Энергетика министрлиги атомдук электр станцияларын курууга уруксат берген мыйзамдарды жана ченемдик актыларды талдап жатканын айтты.
Кадырбеков атомдук электр станциясын курууда талдоо жүргүзүш керектигин белгиледи.
"Эгерде курула турган болсо коопсуздук жактарына көңүл бөлүш керек. Анткени Чернобыль тарыхын дагы билесиз. Ошон үчүн анализ жүргүзүү керек. Эми боло турган иш болсо, жакшы ниет менен баштай берели", - деди ал.