SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Америкада окуп, аны менен бирге спорт менен алек болгон Азрет Жусупалиев болмокчу.
Азрет Жусупалиев 2003-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Азыркы учурда АКШнын Калифорния штатынын Атертон шаарында окуп аны менен бирге спорт менен машыгып жүргөн кези.
- Саламатсызбы, Азрет! АКШга кандай жол менен барып калдыңыз?
- Америкага келишиме спорт себеп болду. Мен Кыргызстанда жүргөндө бир таанышым айтып калды, "бир ушундай сайт бар экен, ал жакка өзүңдүн спорттогу ийгиликтериңди жазсаң, Америкадан машыктыруучулар өзүлөрү байланышат экен" деп. Мен муну мүмкүнчүлүк катары кабыл алдым. Көп ойлонбостон эле Америкадагы машыктыруучулар менен байланыша баштадым. Анан ал жактан мага "экзамен тапшырып көр" деген жооп келди.
- Спорттун кайсы түрү менен машыкчу элеңиз?
- Эркин күрөш жана грэпплинг менен машыкчумун. Азыркы учурда көбүнчө грэпплинг менен алек болуп жатам. Бирок эркин күрөштү дагы таштабай алып кетүүнүн үстүндөмүн.
- Америкадагы машыктыруучулар деле спорттогу ийгиликтериңизди караса керек да...
- Албетте, биз бардык жараткан ийгиликтерибиз боюнча маалымат бергенбиз.
- Мисалы?
- Мен Кыргызстанда окуп жүргөндө грэпплинг боюнча 3 жолу, жиу-жиутси боюнча 4 жолу өлкө чемпиону болгом. Бул спортто негизи бир топ федерациялар бар. Федерациялар уюштурган турнирдеги жеңиштерим десем болот. Дагы айтсам Ташкентте болгон Азия биринчилигинде чемпиондукту алгам. Өлкөдө уюштурулган эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгом. Азербайжандын борбору Баку калаасында өткөн дүйнө биринчилигине дагы катышып келгем. Казакстанда өткөн Азия чемпионатынын тандоо турунан 1-орунду алгам, бирок белгисиз себептер менен жокко чыгарылып калган. Бул жактан болсо, Американын ачык чемпионатында 1-орунду алдым.
- Азаматсыз! Азрет дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөсүндө окуп калганыңызга спорт себеп болду деп дагы калдыңыз...
- Ооба, жогоруда айткандай эле мен байланышкан машыктыруучу экзамен тапшыр деп калды. Мен болгон күчүмдү экзаменге жумшаганга кириштим. Жыйынтыгында TOEFL тесттен (англис тили) 90 балл менен өтүп, азыр бул жакта гранттык негизде окуйм. Кыскасы, окуум бекер.
- Англис тилин билчү белеңиз?
- Ооба. Мен мектепте окуп жүргөндө эле англис тилин кошо окудум. Өз алдынча атайын даярдоо курстарына барчумун. Бул дагы мага мүмкүнчүлүк ачып берди десем болот.
- Учурда Американын кайсы окуу жайын окуп жатасыз?
- Menlo College деген 4 жылдык университетте каржы багытында окуйм. Бирок аталышы колледж. Учурда 3 курсту аяктап жатам. Бул жакка келгенге чейин кичи мекеним Ош шаарында 11 жылдык орто мектепти бүтүргөм. Жакшы окуган окуучулардын катарында болчумун. ЖРТ тестен 200 балл алганмын аны дагы айта кетейин (күлүп).
- Бир учурда окуу дагы, спорт менен машыгуу дагы оор болсо керек. Күнүмдүк жашооңуз кандай болот? Жетишпей калуу деген болобу?
- Жок. Бардыгына жетишкенге аракет кылабыз. Эртең менен 6дан 9га чейин машыгуу болот. 9дан 17:00гө чейин окуу. Окуудан чыкканда денени чыңдоо үчүн залга барам. Кечинде сабакка даярданам. Чынында, дем алыш күндөрүмдү деле залга баруу, тапшырма аткаруу менен өткөрөм. Анан дем алуу күндөрү кыргыз досторум менен жолугуп калам десем болот. Майрамдарда болсо сөзсүз чогулабыз. Бирок көбүнчө күнүм жатаканада америкалыктар менен өтөт.
- Көптү кызыктырган Американын кайсы шаарларында болгонсуз?
- Мен негизи саякаттоого анча кызыга бербейм. Нью-Йорктон Лос-Анжелеске чейин көрдүм. Аны дагы атам, апам келгендиктен чогуу көргөнбүз.
- Ал жактын жашоо-шарты менен тааныштыра кетсеңиз?
- Өнүккөн өлкө болгондуктан жашоо үчүн шарттар жакшы түзүлгөн. Бир район болсо дагы ал жакта баары болот. Мисалы, курулуш материалдарын саткан базарынан баштап, бардыгы жайгашкан. Бул тыгынды дагы болтурбайт деген сөздөрдү угуп калабыз. Бирок адамдын күнүмдүк жашоо үчүн керектөөчү нерселеринде жаңылык деле жок. Бул жакта эмне болсо, ал Кыргызстанда деле бар. Ал эми медицинасына токтолсок, шарты мыкты болгону менен баасы кымбат. Менде камсыздандыруу бар үчүн 80 пайызын университетим жаап турат. Тамак-ашы боюнча айтсак, даамы анчейин эмес. Кошулмалары көп.
- Көп жаштардын кыялы болгон Америкага барам дегендер үчүн кандай кеңеш бересиз?
- Эң биринчи англис тилин үйрөнүп келишсе дейт элем. Бул жакта кара жумушка иштөө үчүн дагы тил билүү талап кылынат. Көпчүлүк ойлогондой идеалдуу өлкө дегенден алысмын. Өзүнүн кыйынчылыктары бар. Бардыгына чыдоо керек. Айлыктары кымбат болгону менен жашоо дагы кымбатка турган өлкө.
- Өлкөгө кайтуу ойлоруңузду кайсы убакка пландаштырып жатасыз?
- Албетте, өз өлкөмө барам. Бирок окууну бүткөндө бул жакта тажрыйба алуу үчүн белгилүү бир убакытка чейин иштесем деген оюм бар. Анткени кайтып барганда менин Америкада окуганым эмес, тажрыйбам керек болот деп эсептейм.
- Сага көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берген спорт сиз үчүн эмне?
- Чынын айтсам хобби катары көрчүмүн. Анткени мен спортко кечирээк, 10-класстан баштап аралашып калдым. Бирок азыр жашоомдун бир бөлүгү болуп калды десем болот.
- Кыргыздын сиздей мыкты уулдары көп болсун. Окууңузга жана машыгууларыңызга ийгилик!