23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү. Өлкөдө бул дата 2003-жылдан тартып жалпы элдик майрам катары киргизилген. Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.
Датаны утурлай SUPER.KG порталы Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын капитаны Мухиддин Эшкараев менен маек курду.
- Мухиддин Ташмаматович саламатсызбы? Сиз борбордон Баткенге которулуп барганыңызга 2 жылдай болуп калыптыр. Ал жакта кандай шарттар бар экен, ушуга бир аз токтоло кетсеңиз.
- Саламатчылык. Чоң рахмат аябай жакшы суроо болду. Туура мен Баткенге чейин Бишкек шаарында иштегенмин. Мен Баткенде иштеп жатканыма да буюрса 2 жыл болуп калды. Баткенде шарттар сонун деп айта алам, анткени өлкөнүн ички иштер министрлигинин министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан жакшы колдоолор көрсөтүлүп турат. Өздүк курам үчүн атайын казарма, ашкана жана машыгуу, окуу жайлары жетишерлик жакшы шартта. Бийлик тарабынан да ушундай жакшы шарттар түзүлүп жаткандан кийин биз мыйзамды сактап, жарандардын коопсуздугун сактоодо туура жана так иштөөгө милдеттүүбүз.
- Баткен акыркы 3 жыл ичинде 2 оор кырдаалды башынан өткөрдү. Сурайын дегеним сиздин кол астыңызда эмгектенген кызматкерлерде кыраакылык жөндөм кандай экен?
- Чындыгында Баткен акыркы 3 жыл ичинде оор кырдаалдарды башынан өткөрдү, жоготуулар болду. Бул үчүн Баткен элине кайраттуулук тилейм. Жоготуулардын арасында биздин 20 жаштагы кызматкерибиз милициянын сержанты Мыктыбек Мурзажанов дагы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда курман болгону өкүнүчтүү болду. Биздин шумкарлар кыраакы, тайманбас жигиттер. Согуш учурунда жигиттер өз милдеттерин аткарууда беттегенинен кайтпаган кесипкөй кызматкерлер экенин далилдеди. Анткени кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын кыраакылыгын, жогорулатуу максатында күн сайын атайын тактикалык жана дене тарбиялык сабактар ошондой эле ок атуу талааларында кесипкөй ок атуу сабактары өткөрүлүп келет. Тажрыйба алмашууда кызматкерлер башка чет элдик атайын отряддар менен биргеликте окуу машыгууларына катышып, алган тажрыйбалары менен өздүк курамга бөлүшүп, учурдун талабына ылайык окуулардан өтүп турат. Ошондой эле, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамында спорттун, маданияттын чеберлери да бар десем болот. Себеби спорттун ар бир түрүнөн чемпиондорубуз бар, ал эми маданий иш-чараларга активдүү катышып, өздөрүнүн таланттарын көрсөтө алган жигиттерибиз дагы жок эмес.
- Кылмыштуулук менен күрөшүүдө коопсуздук учурлар болуп калат эмеспи, буга даярдыгыныздар кандай?
- Жогоруда айтылгандай эле Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын жана Баткен облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу жана куралчан кылмышкерлерди жок кылууда ар дайым күжүрмөн даярдыкта. Кандай гана кырдаал болбосун душмандын мизин кайтарууга кылмышкерлерди кармоого жана жок кылууга жетекчилик тарабынан коюлган тапшырмаларды кынтыксыз, так жана туура тез арада аткарууга даярбыз.
Бийлик тарабынан сиздерге кандай камкордуктар көрүлүүдө?
- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бийлик жалпы күч түзүмдөрүнө эң жогорку денгээлде көңүл буруп жатат. Баткен жана Лейлек райондору боюнча күч түзүмдөрүнүн айлык маянасы жогору. Мындан сырткары акыркы үлгүдөгү керектүү жабдыктар, техникалар жана кызматтык формалар менен камсыздалып турат.
Мухиддин мырза убактыңызды атайын бөлүп, маек бергениңиз үчүн рахмат! Мекенди өз өмүрүн тобокелге сала коргоп, көрсөткөн эрдиктериңиздерге терең таазим этебиз. Бизге тынчтыкты камсыздап, ийгиликтерди жаратканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!