Кыргызстан Корея менен бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашырат

Бүгүн, 22-февралда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар Кыргызстанда бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруунун потенциалын жогорулатууну талкуулашты.

Анда аталган долбоордун олуттуу жылышы жана анын республикада мал чарбасын өнүктүрүү үчүн мааниси зор экендиги белгиленди.

KOICA жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун аракеттеринин аркасында долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн атайын топ түзүлүп, аны мал чарбасын жана ветеринарияны генетикалык жактан жакшыртуу тармагында чоң тажрыйбасы бар кореялык эксперт Хонг Сон Коо жетектей турганды маалымдалды.

"Бул кадамдар жогорку сапаттагы эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле өлкөдө малдын бакубаттуулугун жогорулатууга жардам берет. Өз кезегинде министр Төрөбаев агенттикке бул маанилүү долбоордо көрсөткөн колдоосу жана өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан