SUPER.KG порталына Кымбат Касымалиева аттуу жаран кайрылды. Ал 2 жаштагы кызы Амина Кайырбековага Индияда операция жасатуу үчүн керектүү каражат топтолбой жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурайт.
Анын айтымында 1 жыл мурун кызы бутун күйгүзүп алган. Кызынын операциясына 27 миң доллар керек.
"Суу кайнап жаткан чайнекти тартып алып, бутун күйгүзүп алган. Поликлиника алып барсак алгачкы жардам көрсөтүп, №4 шаардык ооруканага жөнөтүштү. Ал жакта 1 ай дарыланган соң, бизге кызымдын бутунун терисин алмаштырыш керек дешти. Биз макул болдук. Оперция болгондон кийин дагы жакшы болбогондуктан жеке менчик ооруканаларга дагы барып көрдүк. Көпчүлүгү мындай операция жасай албай тургандыгын айтып, бизге операцияны чет өлөдө жасатууга кеңеш беришти. Андыктан Индияда жасатууга туура келип калды. Бирок акча даяр болгондо гана виза ачылат экен. Азыркы учурда Индиядагы оорукана менен келишим түзүп жатабыз. Андыктан кайрымдуу кыргыз элимден жардам сурайм", - деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Кымбат Касымалиеванын
Кыргызстан банктагы эсеби: 4177490184581603;
Оптима банк: 4169585355170571;
Мбанктагы номуру: 0702221024.
Атасы Жамангулов Кайырбек
Сбербанк эсеби: 2202202382888299;
Кыргызстан банк: 4177490160455665.