Бакыт Төрөбаев өкмөт Бишкектеги ышты азайтканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында былтыркыга караганда быйыл ыш кескин азайганын, бул тийиштүү мамлекеттик органдардын бирдиктүү ишинин жыйынтыгы экенин айтты. Бул тууралуу ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Төрөбаев абаны тазартууга арналган иш-аракеттерди мындан ары да күчөтүүнү, бул багытта борбор калаадан башка ири шаарларда дагы активдүү иш жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары ал келе жаткан туристтик сезонго карата Ысык-Көлдүн айланасындагы канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыз болбогон обьектилерде иш алып баруу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан