Бишкекте эки курулуш компаниясына 46 миң сом айып салынды

Бишкекте эки курулуш компанияга 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалымат караганда, муниципалдык инспекция Октябрь районунун Сухэ-Батор көчөсүн бойлой рейд жүргүзүп, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын текшеришти. Рейддин жүрүшүндө курулуш материалдарынын калдыктарын туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн "Бурана Гранд" жана "НБК" ЖЧКларына протоколдор түзүлүп, ар бир ишканага 23 миң сомдон айып пул салынды.

Бишкек шаарынын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан