Бишкекте интернет соода тармагында иштегендер үчүн  иш-чара өтүп жатат (сүрөт) 

Бүгүн, 24-февралда Бишкекте MPSellers бизнес клубунун Кыргызстандагы филиалынын ачылышына карата иш-чара өтүүдө. Конференцияда эксперттердин Озон жана WILDBERRIES боюнча баяндамалары орун алды.

Өлкөдөгү онлайн соода тармагында иш жүргүзүп келген ишкерлердин башын бириктирүү максатын көздөгөн иш-чарага 800гө чукул адам катышууда.

Бүгүн MPSellers клубунун өлкөдөгү филиалынын ачылышы болуп жатат. Иш-чаранын максаты - интернет соода тармагында иштеген ишкерлердин башын бириктирүү, чоң команда түзүү, аларга ишмердүүлүгүнө жол көрсөтүү. Иш-чарабызга 800гө жакын адам келди.

Кыргызстанда интернет соода тармагы 2019-жылдан бери өнүгүп келе жатат. Расмий маалыматтарга таянсак, 2023-жылы 8 миңге чукул адам интернет аркылуу соода жүргүзүп жатат”, - деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Арнагүл.

Иш-чара тигүүчү компаниялардын көргөзмөсү менен коштолду. Мындан тышкары катышуучулардын эксперттер менен жакындан баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

MPSellers - бул онлайн соодада жеткирүүчүлөрдүн эл аралык бизнес клубу. Аталган клуб Орусиянын Москва шаарында 4 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келерин уюштуруучулар кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан