"Эч бир эне мага окшоп ыйлабасын".  Бишкекте дайынсыз болуп жаткан жаран табылды (видео)

Бишкекте буга чейин дайынсыз болуп жаткан жаран табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 12-февралда Э.К. аттуу калаа тургуну 11-февралда 1989-жылы туулган Б.З. аттуу баласы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, аны таап берүү өтүнүчү менен кайрылган.

23-февраль күнү саат 18:00 чамасында Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мурда дайынсыз жоголгон 1989-жылы туулган Б.З. аттуу жаран аман-эсен табылган.

Анын апасы милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, "Эч бир эне мага окшоп ыйлабасын. Эч бир эненин баласы меникиндей оорукчан болуп, жоголуп кетпесин", - деди.

Видео: Ленин РИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан