Жети-Өгүздө айыл жаштары мечиттин имамына умрага жолдомо белек кылышты

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Балтабай айылынын жаштары аталган айылдын имамы Ырысбай Асакеевге көп жылдан бери айыл үчүн аткарган эмгегин баалап, ыраазычылык иретинде умра сапарына жолдомо белек кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалым болгондой, айыл жаштары чогулткан жалпы акча 166 миң 600 сомду түзүп айыл имамына тапшырышты.

"Эмгегибизди баалап, белек кылган жамаатыма, айылдаштарыма ыраазычылык билдирем. Кызматыбыз Жараткандын ыраазычылыгы үчүн. Элибизде тынчтык, өнүгүү жана жакшы жаңылыктар көп болсун", – деди Ырысбай Асакеев.

Ага ылайык, айыл жаштары жолдомону имамга тапшырып жатып, сапары байсалдуу болушун, аман-эсен барып келишин, бардык каалоо-тилек, дубалары кабыл болушун каалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан