Ысык-Көл облусунун Ак-суу районунда 6-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты облустун ички иштер башкармалыгынан тастыктады.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя 20-февралда саат 11:00 чамасында Теплоключенка айылында болгон. Мектеп окуучусунун жансыз денеси өз үйүндө табылган. Ал өз жанын кыйган деп болжолдонууда.
"Окуучу бала классташтары менен жакшы мамиледе болгон. Теңтуштары, мугалимдери менен чыр-чатактары болгон эмес. Ошондой эле акыркы убакта окууга көбүрөөк көңүл коюп, жакшы окуп калган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси эле", - деп айтылат билдирүүдө.
Баланын апасы эмгек миграциясында болгондуктан, ал атасы менен чоң энесинин колунда тарбияланып жаткан.
Учурда бул иш боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.