Бакыт Төрөбаев өлкөдө суу маселеси качан чечилерин айтты

Бүгүн, 27-февралда өтүп жаткан "Агродиалог-2024" форумунда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев суу маселесиндеги бир топ көйгөйлөр чечилерин айтты.
Ал форумдун 26-февралда өткөн биринчи күнүндө фермерлер суу тартыштыгы боюнча арызданганын белгиледи.
"Суу көйгөйүн чечүүгө каражат бөлүнүп жатат. Биз БСРлерди, каналдарды курабыз. Эгер каражат болуп турса 3-5 жылдын ичинде 100 пайыз болбосо да, маселенин 80 пайызын чечүүгө аракет кылабыз", - деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал кечээ форумга 500дөн ашык адам катышканын, 200дөн ашык суроолор болгонун белгилеп, форумдун биринчи күнү жакшы деңгээлде болгонун айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан