ЖЭБдеги авария: ТИМ Түркияда дарыланып жаткандардын абалы тууралуу маалымат берди

Түркияда дарыланып жаткан Бишкек ТЭЦиндеги авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз жарандарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат беришти.

Ага ылайык, түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которуу пландалууда.

"Ал эми тик учактын кулаганынан жабыркаган эки жаран пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда.

Аталган маселе министрликтин жана Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан