Министрлер кабинети Кыргызстанда уран жана торий кендерин геочалгындоо жана иштетүүгө тыюу салган норманы алып салууну көздөп жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоорду Экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 27-февралдан тарта коомдук талкууга чыгарды.
Долбоордо 2019-жылы кабыл алынган “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу сунушталат. Мындан сырткары “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү камтылган.
Кызыл-Омпол кени
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчысы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.
2019-жылдын жазында "Кыргызстандагы ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразычылык чыккан. Андан соң, ошол эле жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.