Жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Министрлик жогоруда аталган документтер акысыз берилерин жана мектеп жетекчилиги бул үчүн акча талап кылууга укугу жок экенин кабарлаган.
Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо гана анына тиркемеси менен көчүрмөсүнө 50 сом төлөнөт. Артыкчылыгы менен аттестатка 50 сом жана күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт.
Ошондой эле министрлик 2023-2024-окуу жылындагы 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 128 миңден көп жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 73 миңден ашуун экенин билдирген.