Бүгүн Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында” аталышында “Агро Экспо 2024” көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага Түркия, Орусия, Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын дыйкан-фермерлер, айыл чарба ишканалары жана өндүрүшчүлөрү катышкан.
"Иш-чаранын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кайсы тармактарда айыл чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маалыматтык сессиялар жана презентациялар өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.