Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттарында кызмат күнү-түнү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалым болгондой, эки чек ара өткөрүү пункту күнү-түнү дем алышсыз иштейт.
Мындан тышкары пункттардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
"Торугарт" өткөрүү пунктунда бүгүнкү күндө "Торугарт-2" комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулду. Анда бир эле учурда алты унаага карата бажы контролу жүргүзүлүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта бажы кызматкерлеринин күнү-түнү иштөөгө өтүшү, бажы процесстерин автоматташтыруу чек ара бекеттериндеги кезектин көбөйүп кетпей тез өтүүсүн шарттай турганы кошумчаланды.