Өлкөнүн Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Жаргалсайхан Хунан жолугушту. Бул туууралуу Акыйкатчы Институтунан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, жолугушуу Бишкек шаарында өтүп, анда тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Ошондой эле эки өлкөнүн улуттук укук коргоо институттары арасынындагы кызматташтыкты жакшыртууну макулдашты.
“Учурда Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга оң таасирин тийгизе турган бир катар долбоорлорду активдүү демилгелеп жатабыз. Мисалга адам укуктарын жана экриндиктерин камсыздоодо реалдуу механизм боло турган “Өлкөнүн Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралып жатат.
Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда эл аралык талаптарга жооп берген жана адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылган негизги документтердин бири болуп, өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмен) “А” – статусун алууга негиз болот деп ишенебиз”, - деди Жамиля Жаманбаева.
Жаргалсайхан Хунан адам укуктарын жана экриндиктерин коргоо жаатында Монголиянын тажрыйбасы менен бөлүштү.
Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын “А” статусу бар экенин белгилеп, бул статус жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берерин кошумчалады.
"Биздин адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга мүмкүн болгон ыйгарым укуктары кеңири. Мисалы, биздин мамлекеттик органдарга койгон талаптарыбыз сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш. Ага байланыштуу мамлекеттик органдар адам укуктарын жана эркиндигин бузулушун аныктоо боюнча мониторингди биздин жүргүзүүбүгө кызыктар. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча биз жөнөткөн сунуштамабызда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды мамлекеттик органдар жоюуга милдетүү. Биздин жөнөткөн сунуштамабызга мыйзам боюнча даттанууга болбойт”, - деди Монголиянын Акыйкатчысы.
Ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын Акыйкатчылары БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн башчысы Матильда Богнер менен биргелешкен жыйын өткөрүшүп, адам укуктары жана эркиндиктери жаатында актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.