ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайдын медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземге билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Түркия, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана өлкөнүн кардиохирургия, кардиология, хирургия, эндовидеохирургия, урология боюнча белгилүү дарыгерлер, окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.
Алар кардиохирургия бөлүмүндө операцияларды жасоого, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга түзүлгөн шарттар менен таанышты.
“Кардиохирургия бизге абдан керек, анткени бул оорулар жашарып бара жатат. Ооруларды алдын алуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ОшМУ абдан жакшы иштерди алып барууда. Илимге жана билимге азыр чек жок, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууда ОшМУ лидер окуу жайлардын катарына кирет”, - деген Кендирбаева.
Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.
Эске салсак, буга чейин медициналык клиникада биринчи жолу бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык хирургиялык операция жасалган.