Ирандык ырчы "Грэмми" сыйлыгын алган ыры үчүн үч жылга эркинен ажыратылды

Ирандык ырчы Шервин Хаджипур "Грэмми" сыйлыгын алган ыры үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал "улуттук коопсуздукка каршы массалык башаламандыктарды уюштурган" жана "бийликтеги режимге каршы үгүттөө" боюнча күнөлүү деп табылган. Бул өкүмдү ырчы Инстаграм баракчасына жарыялады.

Хаджипур жазган "Baraye" ыры 2022-жылдын сентябарь айында 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнөн улам жаралган. Аталган ыр иранда нааразычылык кыймылынын расмий эмес гимни болуп калган. Ошондой эле Хаджипур ал ыры үчүн "Социалдык өзгөрүүлөр үчүн мыкты ыр" жаңы номинациясында "Грэмми" сыйлыгын алган.

Ал темир тор артында өз убактысын "АКШнын адамзатка каршы мыкаачылыктары" жөнүндө ыр жазуу менен өткөрө турганн айткан.

Белгилей кетсек, ырчы 27 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан