Дональд Трамп Мичиган, Миссури, Айдаходо жеңишке жетти

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп Миссури, Мичиган, Айдаходо өткөн "Республикалык" партиянын шайлоочулар чогулуштарында жеңишке жетишти.

Маалыматтарга караганда, Дональд Трамп жогоруда аталган 3 штатта атаандашы Никки Хейлини жеңип чыккан. Анын буга чейинки праймериздердин баарында жеңишке жетип келе жатканы айтылды.

Андыктан талдоочулар "супер шейшемби" деп аталган 5-марттагы дароо 16 жерде өтө турган добуш берүүдө да ал ийгиликке жетет деп боолголоп турушат.

Эгерде Трампка "Республикалык" партиядан бирдиктүү талапкер болууга жетишсе, анда ал Американын президенттиги үчүн Жо Байден менен кайрадан күрөшөт. Белгилей кетсек, Трамп 2020-жылдагы шайлоодо Жо Байденге утулуп калган.

АКШда президенттикке талапкер шайлоого дароо эле катыша албайт. Ар бир партиянын ичинде да ошол саясий уюмдун атынан талапкер болуш үчүн өз партиялаштарын ички шайлоолордо утуп чыгышы керек.

АКШдагы төрт жылда өтүүчү президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан