АКШга барууну каалагандар үчүн жакшы жаңылык! Эми Кыргызстандыктарга 10 жылдык мөөнөткө виза бериле баштайт

АКШнын жаңы туристтик жана бизнес визаларынын мөөнөтү Кыргызстан жарандары үчүн 10 жылга берилет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лессли Вигери билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы өзгөртүү B1, B2 жана B1/B2 визалары үчүн 2024-жылдын 4-мартынан тарта берилген визаларга тиешелүү. Ал эми буга чейин берилген визалардын мөөнөтү узартылбайт.

Ошондой эле, кыргызстандыктар үчүн 20 доллар өз ара төлөм B1/B2 визалары үчүн алынып салынган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын жай айларында консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн бир катар иштер жасалары айтылган.

"Америка Кошмо Штаттары саякаттарды жеңилдетип, америкалыктар менен кыргыз элинин ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө умтулат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан