Флоридада мода дизайнери Айрис Апфел 102 жаш курагында АКШда стилдин иконасы аталып, көз жумду. Эң таң калыштуусу, ал бул наамга 97 жашында ээ болгон.
SUPER.KG порталы Айрис Апфел тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.
Нью-Йорк жылдызы өзүнүн эклектикалык стили, өзгөчө чоң кара түстүү көз айнеги менен белгилүү болгон. Ал 2005-жылы Метрополитен искусство музейинде өткөн көргөзмөсүнөн кийин трендге айланып, 2019-жылы "IMG" агенттиги менен моделдик келишимге кол коюп, мода иконасына айланган. Ошондой эле ал АКШнын тогуз президентинен Трумэнден Клинтонго чейин буйрутмаларды алган жана "Маттел" компаниясы анын образын Барби куурчактарынын биринде колдонгон.
Айрис Нью-Йоркто еврейлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал ата-энесинин жалгыз кызы болгон. Анын апасы Сади Буррелл (өзүнүн аты-жөнү Асофская) Орусиядан болчу. Апасы мода бутигине ээ болгон, бул анын кызынын келечектеги карьерасына таасир эте алган эмес. Айристин атасы Сэмюэл Беррелль күзгү жана айнек менен камсыз кылуу боюнча ишкердик кылган. Ал кызынын ишкердик кылууга алгачкы кадамдарын таштоого жардам берген.
Айристин кесиптик жолу редакциядан башталган. 1943-жылы ал кадыр-барктуу Women's Wear Daily гезитинде редакторлук кызматка орношуп, мода жөнүндө макалаларды жазып, өзүнүн 67 жылга созулган никеси Карл Апфел менен таанышып, алардын таанышуусу үйлөнүү тою менен аяктаган. Карл Апфел 2015-жылдын 1-августунда 101 жашка чыкканына 28 күн калганда каза болгон. Алардын ортосунда бала болгон эмес.
Айристин 1950-жылы ачылган Old World Weavers деген текстиль компаниясы болгон. Компания 16-20-кылымдардын винтаждык материалдарын кайталаган кездеме өндүрүү менен алектенген.
Ал эми 2005-жылы Метрополитенде көргөзмөнүн натыйжасында Айрис дүйнөгө белгилүү болгон. Анын кийимдер коллекциясы күтүүсүз жана эсте каларлык болгон. Көп өтпөй Jimmy Choo бут кийим бренди Айрис Апфелди өзүнүн музасы деп жарыялап, ага жаңы Iris моделин арнаган.
97 жашында ал "IMG" агенттиги менен моделдик келишимге кол коюп, анын жаш курагы жөн гана сан экенин далилдеген. Ошол эле учурда ал "MAC" косметикалык бренди менен кызматташып, макияж коллекциясын түзүп, заматта бестселлерге айланган.
Айтмакчы, Айрис Instagram социалдык баракчасын башкарып, анын бир нече миллион катталуучусу болгон.
Айрис дээрлик өмүр бою көз айнектин айланасын (оправы очков) чыгарган. Ал маектеринин биринде адамдар аны бир аз жинди деп ойлошкондугун айтып, "мен жинди болсом болгондурмун, бирок бул бардык ийгиликтеримдин башталышы болчу" деп айткан.
Ошондой эле Айрис: "Мен дагы эле көз айнек биздин сырткы көрүнүшүбүздү, маанайыбызды, жада калса инсандыгыбызды өзгөртө алат деп ишенем. Ал бизди уникалдуу кылат. Бүгүнкү күндө адамдар бири-бирине абдан окшош жана бул коркунучтуу деп ойлойм. Кантсе да, Кудай бизди башкача жараткан, эмне үчүн баары окшош болгусу келет?",-деп кошумчалаган.