Март айында Кыргызстанда эки майрам белгиленет, ошол себептүү 8-март жана 21-март иш күндөрү эмес. Бул боюнча Министрлер кабинетинин токтому чыккан.
Аялдардын эл аралык күнү 8-март иш күн эмес, ал эми 9-10-март эс алуу күндөрү.
21-марттан 24-мартка чейин да узак дем алыш болот. Нооруз 21-мартта белгиленет, 23-24-март дем алыш күндөрү. 22-марттын (жума) ордуна кыргызстандыктар 8-апрель (дүйшөмбү) күнү иштешет.