Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аталган мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.
Мыйзам долбоору тууралуу эл өкүлдөрүнө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Элвира Сурабалдиева министрден 50 миң адамы бар фейк армия жөнүндө сурады. Министр өлкөдө фейк армия бардыгы тууралуу маалыматтан таптакыр кабары жок экенин, өкмөт тарабынан фейк армия куроо тууралуу бир да тапшырма берилбегенин айтты.
Ал эми депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоору тууралуу түрдүү пикирлер жаралып, кемчиликтер сынга алынып жатканын белгиледи. Муну менен катар, эл өкүлү аймактык басылмалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселесин көтөрүп, мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүлүшү керектигин айтты. Министр мыйзам долбоорунда жаңы түшүнүктөр, жаңы медиа, аккредиттөө жана каттоо механизмдери камтылганын ырастап, аймактык басылмалар өзүн-өзү каржылоого өтөрүн кошумчалады.
Депутат Дастан Бекешев маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү токтотулган учурлар боюнча суроолорду узатып, ЖМКларды аккредиттөө жана мамлекеттик каттоо маселесин ортого салды.
Өз кезегинде Максүтов мыйзам долбоору Конституция менен белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга укугун ишке ашырууну камсыз кылууга багытталганын баса белгиледи. Ошол эле учурда бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө сала турганын, жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ал көз карандысыз, жооптуу жана атандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турганын билдирди.
Жыйынтыгында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Ага эки депутат каршы добуш берди. Алар: Эльвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев.