Өлкөдөгү бир катар жеке менчик лабораториялар анализдердин баасын 30 пайызга чейин төмөндөтөт. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК карапайым эл үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ишинин алкагында жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөргөн.
Жыйынтыгында "Интелмед" ("Бонецкийдин лабораториясы"), "Аквалаб", "Евролаб", "Гемотест", "Экспресс-Плюс", "Медикана", "Лазмед клиникасы", "Гуман", "Интер-Лаб" ("Инвитро"), "Интермедикал" жана "Фарватер" ири компанияларындагы лабораториялык изилдөөлөрдүн (анализдердин) баасын 30 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылган.
Ал эми реагенттерди жеткирүүчү компаниялар менен берилген реагенттердин баасын 15 пайызга чейин төмөндөтүү сүйлөшүлгөн.
""Юрфа" ЖЧКнын жетекчилиги текшерүү томографиясынан өтүү кызматын 20 пайызга төмөндөттү. Муну менен катар "Интелмед" ("Бонецкий лабораториясы") ЖЧКсы мамлекеттик медициналык мекемелерде дарыгерлердин жолдомосу менен барган бейтаптарга 50 пайызга чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат бааны жөнгө салуу боюнча мындай иштер улана турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов менчик лабораторияларда анализдердин баасы кымбат болуп жатканын билдирип, бул маселени УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алса жакшы болмоктугун айткан.