Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн,4-мартта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Анда канча адамга жарандык берилгени же канча адам жарандыктан чыкканы ачыкталган эмес.
Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштады. Ага чейин Кыргызстандын жарандыгын алгандардын да, чыккандардын да тизмеси жазылган президенттин жарлыгы ачык жарыяланчу.