Казакстан менен Кыргызстандын бильярдчылары эл аралык турнирдин алкагында беттешип жатканда Алматыда жер титиреди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Мелдештин экинчи айлампасында кыргызстандык Кубанычбек Сагындыков менен казакстандык Константин Цой беттешкен. Эки бильярдчы ойноп жаткан маалда жер титирөө болуп, алар жашынууга аракет кылып, оюн үзгүлтүккө учураган.
Бир нече мүнөттөн кийин эки спортчу тең столго кайтып келишип, беттешти жыйынтыкташкан. Оюнда Казакстандын өкүлү жеңишке жетти.