РСК Банк&MEGA ишкерлер үчүн Ишкер24.okyy санарип билим кербенин ишке ашыра баштады

Кыргызстанда РСК Банк&MEGA менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматташтыгынан санарип көндүмдөр боюнча республикалык алкакта Ишкер24.okyy билим берүү долбоору башталды. Демилге салык реформасын колдоо максатында бирдиктүү «Ишкер24» мобилдүү тиркемесин иштетүүгө байланыштуу.

Өлкөбүз боюнча ишкерлерди окутуу демилгесинин алкагында санарип мобилдүү финансылык компетенцияларды жакшыртуу боюнча сессиялар өткөрүлөт жана 1-июлга чейин соода патентин жокко чыгарууну жана жаңы салык режимине өтүүнү эске алуу менен жаңы уникалдуу «Ишкер24» тиркемеси тааныштырылат.

«Ишкер24.okyy билим кербени» Кыргызстандын бардык аймактарында 4-марттан 14-мартка чейин өлкө Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө облустук администрациялардын жетекчилеринин катышуусунда өтөт.

Эскерте кетсек, 1-мартта РСК Банк&MEGA Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Ишкер24 1.0 версиясын расмий ишке ашыруу тууралуу жарыяланды.

Маанилүү! «Ишкер24» аркылуу каттоодон өткөндө 15 миллион сомго чейин кирешеси бар жеке ишкерлер үчүн - салык 0, отчеттор 0, KKM/QR 0 (Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмү гана).

Тиркеме акырындап жаңы функцияларды кошуу менен 3 версияга ээ болот. Жалпысынан алганда, мибилдүү тиркеме (МТ) сиздин бизнестин иштеп турушунун бардык этаптарында «бирдиктүү терезе» аркылуу онлайн коштоо болуп саналат. Бул Мамлекеттик салык кызматына жана башка мамлекеттик органдарга барбай эле, ыңгайлуу жана жөнөкөй. Сиздин бизнес санарипте – «бирдиктүү терезеде».

Мамлекеттик финтех-сектор, коллабороция жана «Ишкер24» МТ долбоорлору Кыргызстандын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан