Алматыдагы жер титирөөдөн кийин Астанада ижарага берилүүчү турак жайлардын баасы кымбаттады

Кошу Казакстандын Алматы шаарында 5 баллдык жер титирдн кийин Астанадагы ижарага берилч батирлердин баасы кымбаттады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Жер титирдөөн кийин Алматыдан Астанага учак билетинин баасы дагы кымбаттаган. Тагыраагы билет баасы 130 миң теңгеге чейин жеткен (мурда болжол менен 30 миң теңге болчу). Ал ортодо баанын кымбаттыгына карабай, билеттердин дээрлик бардыгы сатылып кеткен.

Ал аз келгенсип жер титирөөдөн кийин Астанада ижара акысы дагы кымбаттаган. Астанада бир бөлмөлүү батирлерди ижарага алуунун орточо баасы бүгүнкү күнгө чейин 120 миңден 150 миң теңгеге чейин болсо, жер титирөөдөн кийин 260, 280 миң теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-мартта Алматыда катуу жер титирөо болуп, шаарда сиреналар жаңырган. Жер титирөө Кыргызстандын аймагында дагы сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан