Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлорунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, анда Жапаров бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу боюнча Министрлер кабинети реалдуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн негизги долбоорлоруна токтолуп, мамлекеттин жаңы экономикалык саясаты биринчи кезекте үч негизги багытка: энергетика, тоо-кен жана транспорт-транзиттик тармактарга негизделерин белгиледи.
Өкмөт башчы Кыргызстан климаттын өзгөрүү маселесине олуттуу мамиле жасап, декарбонизация жана жашыл энергетикага өтүү боюнча амбициялуу милдеттенмелерди алууга даяр экендигин белгиледи. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлору үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору презентацияланды, анда бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Борбор Азиядагы суу-энергетикалык баланска тийгизген оң таасири да белгиленди.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорунун кеңири жана деталдуу презентациясы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин белгилешти.
Жолугушууда ошондой эле суу ресурстарын колдонууга жана энергетиканы өнүктүрүүгө комплекстүү мамилени илгерилетүү зарылчылыгы бардык аймакта “жашыл”, туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүнү камсыз кылуунун жалгыз жолу катары белгиленди.