"Кыргыз темир жолу" ишканасы 2 миллион сомдук электр энергиясын үнөмдөдү

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы объекттериндеги лампаларды заманбап светодиоддук лампаларга алмаштыруу менен бир жылда 2 миллион сомдук электр энергиясын үнөмдөдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын негизги иши күнү-түнү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк-багажды ташуу болуп саналат. Жол кыймылынын жана ташылган жүктөрдүн коопсуздугун сапаттуу камсыздоо, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбөө жана электр энергиясын үнөмдөө максатында ысытуу лампалары жаңы светодиоддук жарыктандырууга алмаштырылды.
Ага ылайык, 2021-жылдан 2023-жылга чейин темир жол аркылуу автомобиль транспорту өтүүчү күзөт өтмөктөрүнө жана жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн станциялардын аймактарын жарыктандыруучу мачталарга 400дөн ашык светодиоддук лампалар орнотулган.
"Натыйжада электр энергиясын үнөмдөө бир айда 165 миң 849 сомду, ал эми бир жылда 2 миллион сомду түздү. Кечки жарыктандыруудагы светодиоддук лампаларга алмаштырганга чейин электр энергиясынын бир айлык чыгымы 93 миң 495 киловатт/саатты түзсө, алмаштыргандан кийин электр энергиясын чыгымы 35 миң 708 киловатт/саатты түздү, башкача айтканда, бир жылдын ичинде эсеп боюнча электр энергиясын үнөмдөө 693 миң 444 киловатт/ саатты же 1 миллион 990 миң 188 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Станциянын аймагынын бүткүл периметрин жарыктандыруу үчүн станциянын мойнуна орнотулган мачталардагы жарыктын сапаты төмөнкүдөй параметрлер боюнча жакшыртылды: жарык агымы үч эсе жогору, кызмат мөөнөтү 11 эсе, ал эми электр энергиясын үнөмдөө 8 эсе жогору. Ал эми перронду жарыктандырууда: жарыктын агымы 2 эсе жакшырды, иштөө мөөнөтү 17 эсе узарып, электр энергиясын үнөмдөө 5 эсеге көбөйдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан