Италияда 17 жаштагы өзбекстандык спортчу кызды бир нече адам зордуктады 

Италияда фехтование боюнча үч спортчу 17 жаштагы өзбекстандык чемпион кызды зордуктаганга шектелүүдө. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 2023-жылдын август айында болгон, бирок бул ишти иликтөөнү Сиена (Италия) полициясы колго алганда гана белгилүү болгон. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Чиансиано Терме шаарындагы машыгуу лагеринде үч италиялык спортчу өзбекстандык спортчу кызды зордуктаган.

Алдын ала маалыматка ылайык, кыз суусундук ичкенден кийин уктап калып, кийин үч эркек киши жаткан бөлмөдө ойгонгон.

Зордуктоодон кийин кыз Римдеги ооруканага кайрылып, зордуктоо тастыкталган. Кыздын денесинен алкоголдун жана баңги заттын издери дагы табылган. Кылмышка шектүү эки адам кармалган. Алар өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагышууда.

Италиянын фехтование федерациясы өз кезегинде федерациянын мындай учурларда спортчуларды четтетүү укугу жок экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан