Акылбек Жапаров мектеп окуучуларына онлайн-сабак өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан катышкан 217 мектептин 4 миңден ашуун окуучусуна онлайн сабак өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн сабакка билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ошондой эле 5-6-класстын окуучулары zoom-конференция аркылуу кошулду. Сабак интернеттен билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана интернеттин коопсуздук эрежелери темасында болду.

Акылбек Жапаров өлкө калкынын 40 пайызы 18 жашка чейинки балдар экенин айтып, өсүп келе жаткан муун үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттин приоритеттүү милдети экенин белгиледи.

“Билим – бул белгилүү бир тармактын адиси болууга мүмкүндүк берүүчү жана андан аркы ийгиликтердин келечегин ачкан негизги фундамент. Бүгүнкү күндө интернет билим алуу жана жаңы илимдерди үйрөнүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат, бирок коопсуздук эрежелерин эстен чыгарбоо маанилүү. Өкмөт Кембридж жана Оксфорд университеттеринин негизинде так илимдер боюнча мектептин окуу китептерин иштеп чыгууну пландаштырууда, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мектептеги убактыңызды туура пайдаланып, чет тилдерди үйрөнүп, пайдалуу адаттарды өнүктүрүүңүздөрдү каалайм. Биз Бишкек шаарында болобу, өлкөнүн алыскы аймактарында болобу, мектептерде билим берүүнүн сапаты бирдей жогорулаталы деген милдетти койдук. Биз европалык стандарттарга жооп берген мектептерди курабыз. Былтыр 100 мектеп пайдаланууга берилген болсо, быйыл жаңы мектептерди куруу иштери улантылат”, - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан