Орусиялык ырчы Алла Борисовна Instagram баракчасына күйөрмандарына видео кайрылуусун жарыялады.
Видео кайрылуусунда Пугачева жаңы альбом чыгарганы тууралуу маалыматты четке какты.
"Мен P.S. альбомунун чыкканын эң акыркы билдим. Мен ыраазымын, чоң рахмат. Юбилейге жакшы белек болду. Мейли, юбилейге жаңы ырларды гана бере алам. Күтө тургула, менин сүйүктүү күйөрмандарым, силер үчүн гана", - деди Пугачёва.
Белгилей кетсек, 15-апрелде Алла Пугачёва 75 жашын белгилейт.
Эске салсак, бир нече апта мурун, Валентин күнүндө Алла Пугачёванын күйөөсү, куудул Максим Галкин жубайынын сейрек кездешүүчү сүрөтүн бөлүшкөн. Сүрөттө анын креслодо колунда тамеки кармап, телефонун кунт коюп караганы тартылган.