Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрында Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы драма театрынын артисттери тарабынан Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли тартууланды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан театрдын чыгармачыл жамаатын спектаклдин мыкты коюлгандыгы менен куттуктап, театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өнөр ээлерине Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырылды.