Бүгүн, 6-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар эл өкүлдөрү Бишкектеги Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги имаратта жашаган тургундардын үйүнөн күчтөп чыгарылып жатканы боюнча маселе көтөрүштү.
Эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов кыштын күнү сот толук чечкенге чейин жарандардын мажбурлап сыртка чыгарылышын айыптаса, Дастан Бекешев ушундай мыйзамсыздыкка жол берген мамлекеттик органдарды сынга алды.
"Ал жерде жарандар күнөөлүү эмес. Мамлекеттик органдар өз учурунда көңүл бурса, алар үй сатып алып, оңдоо иштерин жүргүзмөк эмес. Тилекке каршы, мамлекеттик органдар көңүл бурбай жүрүп, ушуга алып келди. Эми аларды чыгарып салышты, бирок адамча мамиле кылыш керек. Алар үйсүз калды, эми кайырчы болуп кетпеши керек да. Резервдик фонддон каражат бөлүппү, айтор аларга жардам бериш керек. Мен убагында мамлекеттик органдарга бир нече жолу кат жазгам, кайрылгам. Бирок алар ошол маалда көңүл буруп, кызыгышкан эмес. А эмне себептен азыр кызыгып калышты?", - деди Бекешев.
Ал эми депутат Максатбек Сарбагышев кичинекей балдары бар ата-энелер баласына сүт алып келатса да үйгө киргизбей, туура эмес көрүнүштөр орун алганын белгиледи.
"Ошол жерде милиция кызматкерлери аял кишилерди, энелерди сырттагы суукка карабай, колун бурап, сүйрөп чыгып атканын көрүп жүрөгүң ооруйт. Ушинтип суукта чыгарып салуу канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонун тиешелүү органдар иликтесин", - деди Сарбагышев
Эл өкүлү Кундузбек Сулайманов талаштарды күн жылыган маалда чечүү керектигин айтса, Марлен Маматалиев суукка карабай тургундарды мажбурлап чыгарып жаткан мэр Айбек Жунушалиевдин жоопкерчилигин кароону сунуштады.
Эске салсак, Бишкектеги Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги талаштуу имаратка 9-февралда мэр Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен. Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан.
1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулган. Ал жерге милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана мэриянын өкүлдөрү барышкан.
Жашоочулар мындан кийин да үйдөн чыгуудан баш тартып, мэр менен кайра кездешкен. Алар президентке жана депутаттарга кайрылып, жардам сурашкан.
Жарандар батирлерди "Квартал строй" ишканасынан алышкан. Бирок имарат "Нур-Жаннат-ЛТД" компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлүп, ал бизнес борбор үчүн салынган. Бирок тургундар объектини турак-жай катары колдонуп келишүүдө.
Былтыр апрелде Жогорку сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан. Курулуштун долбоору боюнча 9 кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган.
SUPER.KG порталына аталган имараттын жашоочулары “Квартал-Строй” имаратты жашоочуларга сатып жатканда, “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясынын өкүлдөрү имараттын үчүнчү кабатында отурганын, тургундар үй сатып алып, эки жыл бою оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда алар көрүп эле жүрүшкөнүн, бирок эч ким келип эч нерсе дебегенин айткан.
Ошондой эле алар "Нур-Жаннат-ЛТДнын" өкүлү Нуржан Рыскулова менен "Квартал Стройдун” директору Асыл Талипова экөө алдын-ала келишип алып, имаратты жарандарга чогуу эле сатышкан деп эсептей тургандарын, ага далилдери бар экенин айтышкан.